Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАРЫЯ: 1-ноябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Таласта көчмө жыйын өткөрөт

25-10-2016
10:10

Убактысы жана орду: 2016-жыл, 1-ноябрь, Талас облусу, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин  демилгеси менен 2016-жылдын 1-ноябрында Талас областынын Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен комитеттин көчмө жыйыны өтөт.

Көчмө жыйында жалпы билим берүү уюмдарындагы тамак-аш менен камсыздоону оптималдаштыруу, мектептен тышкары билим берүү, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданий мекемелердин курулушу жана ремонту боюнча кырдаал жөнүндө маселелерди кароо пландаштырылган.

Көчмө жыйындын алкагында 2016-жылдын 31-октябрында Жогорку Кеңештин депутаттары Талас шаарындагы, ошондой эле Талас областындагы капиталдык ремонт талап кылынган бир катар жалпы билим берүү уюмдары, маданий жана спорттук мекемелер менен таанышып, мектептердеги тамак-аш, мектептен тышкаркы билим берүүнүн абалынан кабар алышат.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин көчмө жыйналышынын күн тартиби

Убактысы жана орду: 2016-жыл, 1-ноябрь, Талас облусу, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, райондук мамлекеттик администрациясы

1. Мектептен тышкары билим берүү, жалпы билим берүү мекемелерин жана маданият мекемелерин куруу жана оңдоо, жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну оптимизациялоо жөнүндө;

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети;

Баяндамачылар:

- Сариева Эльвира Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

- Казаков Түгөлбай Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;

- Жаркыналиева Азият Шаболотовна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары

2. Ар кандай маселе

Комитеттин төрагасынын орун басары                          Т. И.Икрамов