Улуттук банктын, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын жана банк иши жаӊы мыйзам аркылуу жөнгө салынмакчы

Жогорку Кеӊеште жаӊыдан иштелип чыгып, банк мамилелерин жөнгө салууга багытталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, банк иштерине тиешелүү улуттук мыйзамдардын топтомун бир кодекске камтуу менен, аларды кайрадан ыраатташтыруу жана аны андан ары өркүндөтүү аракети жасалды. «Банк кодексинин долбоорунда азыркы учурда банк тармагында түзүлгөн жагдайлар менен жаӊы усулдар да эске алынды. Юстиция министрлиги менен Жогорку Кеӊештин эксперттик бөлүмү оӊ корутунду берди», - дейт ал.

Баяндамачынын берген маалыматына караганда, мурдагы мыйзамдарда кардарлардын кызыкчылыктары менен кепилдиктери жетиштүү деӊгээлде камтылган эмес. Ошондон улам, насыя берүүчүлөр менен кардарлардын ортосунда көптөгөн талаш-тартыштар жаралгандыктан, азыр кодекске кардарлардын кызыкчылыгын коргой турган атайын бөлүк киргизилди. «Банк кодексинин долбоорунда мурда өз алдынча каралган 5 мыйзам камтылды. Демек, банк иштерине байланыштуу баардык жолболорду издеп табуу кыйла жеӊилдейт», - деп кошумчалады ал.

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Нурланбек Макеев мыйзам долбооруна арналган парламенттик жана коомдук угуулар өткөрүлгөнүн, депутаттар менен эксперттерден келип түшкөн сунуштардын баары эске алынганын билдирди.

Андан сырткары, жогорудагы базалык мыйзам долбоору менен бир пакетте каралган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору да экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар