Улуттук архив фондунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзам долбоору каралды

13-01-2021 13:38

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору коррупциялык жагдайларга бөгөт коюу максатында редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган.

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев Кыргызстандагы мамлекеттик архив мекемелеринин канчасы талапка жооп бербей тургандыгын так көрсөтүү керектигин белгилеп: "Көпчүлүгүнүн имараты эски, маалыматтардын сакталышы үчүн коопту. Андыктан, ачык айтып, аны чечүү жолдору сунушталышы шарт", - деди.   

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева архивдик фонддордогу документтерди санариптештирүү маселесин көтөрдү.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 421

Окшош жаңылыктар