Келишимдик негизде окуган студенттер төлөм маселесинде кандай жеңилдиктерге ээ?

14-12-2020 15:29

Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүнкү, 14 - декабрдагы жыйынында  депутаттар тобу тарабынан демилгеленип жаткан “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулады.

Өзгөртүүлөрдүн мазмунунда, - “Билим берүү уюму билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте жарым - жартылай же толук көлөмүндө билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн дистанциялык билим берүү технологиясын колдоно алат”, - деп баяндалат.

Мыйзам долбоорунун салыштырма жүйөөлөрүнө таянганда, өзгөчө абалдын, өзгөчө кырдаалдын убагында же ал жеткис күч жагдайлары келип чыккан убакта, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча билим берүү уюмдары билим берүү ишмердигин (толук же белгиленген бөлүгүндө) дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу менен жүзөгө ашырууга жана зарыл учурда анын мөөнөтүн узартууга укуктуу.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун 43 – беренесине ылайык, Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн эсептешүүлөрдүн тартиби да түшүндүрүлгөн. Атап айтканда, ал жеткис күч жагдайлары келип чыкканда, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери киргизилгенде, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менчигинин формасына карабастан, билим берүү уюмдарынын билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон төлөмдү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө, андан тышкары менчигинин формасына карабастан, билим берүү уюмдары көрсөтүүчү кызматтардын наркын белгилүү бир мөөнөткө төмөндөтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга акылуу.

Бул багытта баяндама жасаган демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында,  азыркы кырдаалда студенттер менен алардын ата – энелери эл өкүлдөрүнө кайрылып, - "Окутуу  онлайн ыкмасында өтүп жаткандыгына байланыштуу, келишимдик негизде окугандар үчүн окутуунун акысы төмөндөйбү?" – деген суроону коюшкан.  “Доллардын өскөнү акы төлөп окугандарга таасир этпеши керек”, - деп элдин пикирин билдирген депутат, - “Билим берүү жана илим мнистрлиги окутуу акысын арзандатуу укугун колго алса,  жакшы болмок”, - дейт.  Ошондой эле парламентарий кандай болгон күндө да сунушталып жаткан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алып берсек, бир топ эле жеңилдик болмок, - деп кошумчалады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өз сөзүндө ЖОЖ ишмердигине министрликтин кийлигише албасын түшүндүрдү.  Ал мындай себептерди, - "ЖОЖдор өз алдынча онлайн окутуунун инфраструктурасын иштеп чыгып, тиешелүү интернет аянтчаларын даярдашты. Санариптик кызмат төлөмдөрү, окутуучулардын айлык акылары эсептешилет", - деп бышыктады. Ошентсе да ЖОЖдор менен байланышып, айрым үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен келишим акыларын кээ бир жагдайларды эске алып кайра карап чыгууну сунуштадык, - дейт министрдин орун басары.

Аталган мыйзам долбоору боюнча кызуу талкуу жүргөн менен тиешелүү корутунду кабыл алынган жок. Себеби, кошумча анализдей турган жагдайлар жаралгандыктан, маселе демилгечилер тарабынан күн тартибинен алынып салынды. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 582

Окшош жаңылыктар