Конституциянын жаңы долбоору алгач мамлекеттик тилде жазылат

20-11-2020 15:41

Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жаткан бүгүнкү, 20 - ноябрдагы отурумунда коомдук - консультативдик кеңешменин алкагында бир катар сунуштар көтөрүлүүдө.  Коомдук ишмер Турсунбек Акун: "Аткаруу бийлигинин орду, адам укуктары боюнча беренелер, партиялык тизменин зарыл - зарыл эместигин тактоо шарттарын так аныктоо абзел", - деп билдирди.

Ошондой эле Элдик курултайдын ролу тууралуу маселе көтөргөн өкүлдөр да болушту.

Муну менен катар мамлекеттик башкаруу формасын чечкиндүү чечим менен бышыктап, элдин пикирин таразалаган  калыс кадам жасоо сунуштары айтылды. Бул үчүн Конституциялык кеңешменин расмий сайты иш алып барары белгиленди. Анда Баш мыйзамдын жаңы долбооруна сунушталып жаткан демилгелер чагылдырылып турат.

"Конституция жазууда котормо иши өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат, - деген окумуштуулар да болду. Буга жооп берген Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев:  'Конституция эне тилибизде жазылат", - деди.

Эскерте кетсек, аталган Кеңешме ишемби күндөрү да иштейт. Атайын түзүлгөн катчылык элден келген сунуштарды толук каттап, кабыл алып турат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1267

Окшош жаңылыктар