Баш мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулаган кеңешме ишин баштады

20-11-2020 14:22

Бүгүн, 20 - ноябрда Улуттук илимдер академиясынын имаратында мамлекеттин Баш мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулаган жыйын өтүүдө.

Жыйында Конституциялык кеңешмени түзүү тууралуу жарлыкка өлкө башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгону айтылды.

Алгач өтүп жаткан жыйынды Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов ачып, сөз сүйлөдү.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун  Бөрүбашев шайланып, жыйынды алып барууда. Кеңешменин төрага орун басары болуп, депутат Канат Керезбеков иш алып  барат.

Эскерте кетсек, кеңешме мүчөлөрү 85 кишиден туруп, анын 35и илимпоздор. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 570

Окшош жаңылыктар