Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору

09-03-2021 14:00


Өткөрүү убактысы: 2021-жылдын 9-марты, саат 14:00.

Өткөрүлө турган жер: Чыгыш жыйындар залы (1-кабат)

1. “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору”

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Алтыбаева А.Т., Осмонова А.Ш., Карашев А.А., Аскарова А.А., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Жамалдинов З.И., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Каримов Н.Т., Момбеков Р.Ч. жана Алимбеков Н.К.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтыбаева А.Т.

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 3-февралындагы №4366-VI токтомунун аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети

Баяндамачы: Комитеттин төрагасы Рыспаев К.Дж.

 

3. “Кыргыз Республикасындагы мунай-газ тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардардын баалары жөнүндө

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги

 

4. Ар кандай маселелер

Көрүүлөрдүн саны : 13763

Окшош жаңылыктар