Иса Өмүркулов: "Бул окуялар бизге сабак болушу керек"

16-10-2020 11:52

Бүгүн, 16-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Президенттин отставкасы боюнча эл өкүлдөрү өз пикирлерин айтышууда.

КСДП фракциясынын лидери Сооронбай Жээнбековдун бүгүнкү отставкасы өлкөдөгү оор абалды жөнгө салуу, мамлекеттин тынчтыгын камсыздоо үчүн болгонун белгиледи. "Сооронбай Шарипович  эч бир кресло бир да  адамдын өмүрүнө татыбайт. Ал кан төгүлбөсүн деп ушундай чечимге келди", - деген Иса Өмүркулов: "Президент менен чейрек кылым ар башка кызматтарда бирге кызматташтык. Бул убакыттын ичинде мамлекет үчүн көп жумуштар аткарылды. Албетте ар бир адамда кемчиликтер болот.  Аны жойгонго үйрөнүшүбүз зарыл. Бул окуялардан биз сабак алышыбыз керек",-деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 896

Окшош жаңылыктар