Депутаттар Сооронбай Жээнбековдун отставкасы боюнча өз пикирлерин билдиришти

16-10-2020 11:40

Бүгүн, 16-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйында депутаттар Президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды.

Андан соң депутаттар сөз сүйлөп, пикирлерин билдиришти. Төрага Канатбек Исаев  Президент мындай кадамга кан төгүлбөсүн деген максатта барып жатканына токтолуп: "Өз ыктыяры менен кызматын тапшырып жаткандыгына байланыштуу, экс-президент катары мыйзамда каралган бардык артыкчылыктары камсыздалышы керек" - деди.      

Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Садыр Жапаровдун эл алдындагы жоопкерчилиги жана милдети дагы да жогорулаганын белгилеп, парламент депутаттары аны колдоого алышы керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Президентке ыраазычылык билдирип, президенттин милдетин аткара турган, Премьер-министр Садыр Жапаровду мыйзам талабына ылайык адилет иш алып барууга чакырды.  

Ошондой эле депутат Кожобек Рыспаев: "Сооронбай Жээнбеков адамгерчилиги бийик инсан экенин танбайм, бирок Президент катары элге берген антын аткара алган жок. Бүгүнкү түзүлгөн жагдай баарыбызга сабак" - деди.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 794

Окшош жаңылыктар