Жогорку Кеңештин Төрагасына Канатбек Исаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

13-10-2020 19:29

Бүгүн, 13-октябрдагы парламенттин биргелешкен тармактык комитеттеринин жыйынында Жогорку Кеңештин Төрагасын шайлоо маселеси каралды. Жыйында "Кыргызстан" парламенттик фракциясы Төрагалык кызмат ордуна Исаев Канатбек Кедейкановичтин талапкерлигин сунуштады. Тармактык комитеттин мүчөлөрү кырдаалды эске алуу менен сунушталган талапкерди колдоо зарылчылыгын белгилешти.

Алсак, эл өкүлү Каныбек Иманалиев Канатбек Исаевдин талапкерлигин колдой турганын айтып, кесиптештерин бир добуштан шайлап берүүгө чакырды. КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов да ушул күндөрдө өлкө башынан оор учурларды өткөргөнүн белгилеп, саясий каатчылыктан ылдамыраак чыгуу үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу керектигине токтолду.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары 12 кишиден турган эсептөө комиссиясын түзүп, добуш берүүгө даярдык көрүлүүдө.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы   

Көрүүлөрдүн саны : 830

Окшош жаңылыктар