Мурда иштелип чыккан Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору кошумча каржыланмакчы

03-09-2020 13:13

 Жогорку Кеңеште “2020-жылдын 10-июнунда кол коюлган, 2018-жылдын 26-январындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбооруна) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Мульти-донордук трасттык фондунун энергетикалык секторун башкарууга көмөк көрсөтүү программасынын администратору катары чыгуучулар - TF072490, TF071398 мурастоочу) ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, баардык фракциялардын макулдугу менен үч окууда окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банк 2019-жылдын 12-декабрындагы каты менен  2019-жылдын 17-июлунда 5,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражаттарды жокко чыгаргандыгын билдирген.

Сунушталган өзгөртүүлөрдү ратификациялоодон кийин «Натыйжалуу жана экологиялык таза жылытуу мештерин апробациялоо» В бөлүгүнө каралган 5,0 млн. АКШ доллары суммасындагы бошогон гранттык каражаттар Кыргыз Республикасы үчүн Дүйнөлүк банктын өлкөлүк портфелине кайтарылган жана кийин 2019-жылы региондорду өнүктүрүү боюнча долбоорго багытталган.

 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3740

Окшош жаңылыктар