Депутат Айсулуу Мамашева:”Инсулиндин таңкыстыгы кейиштүү натыйжаларга алып келиши мүмкүн”

03-09-2020 11:45

Пандемия учурунда кант оорусу менен ооруган кишилердин көбү инсулинди пайдаланууга өтүштү.Ушуга  байланыштуу азыр инсулиндин таңкыстыгы түзүлдү.Бул өтө кейиштүү натыйжаларга алып келиши мүмкүн.Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашева билдирди.”Бюджетке 250 млн.сомго заявка берилсе,болгону  108 млн.сом бөлүнгөн, бул керектөөнүн  40 эле пайызын түзөт. Доллар кымбаттаганына байланыштуу инсулиндин баасы 30 пайызга өстү -деди депутат.

Депутат Сайдулла Нышанов  Россияда билим алып жаткан кыргызстандык жаштар боюнча маселе көтөрдү.”Өкмөт  жайында аларды  каникулга алып келген.Эми  кайра кете албай жатышат.Аларга жардам бериш керек.Өзгөчө медициналык окуу жайларда окугандарга ”- деди депутат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3757

Окшош жаңылыктар