Депутат Дастан Бекешов:”Тыюу салынганына карабастан мектептерде азыр дагы акча жыйнап жатышат”

03-09-2020 11:43

Депутат Дастан Бекешов ЖОЖдордо жана жалпы  билим берүүчү мектептерде онлайн окутуу боюнча маселе көтөрдү. Депутаттын айтымында, онлайн окутуу жакшы натыйжа бербей жатат, өзгөчө башталгыч мектептерде. Ата-энелерден көптөгөн арыз даттануулар  түшүүдө. Окутуу онлайн режимде жүрүп жатканына  карабастан, кээ бир мектептерде дале ремонтко, мектеп фондуна деп акча чогултуп жатышыптыр. Муну токтотуш керек” -деди депутат.

Сокулук районундагы Орок  айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын көйгөйүн көтөргөн депутат Карамат Орозова алар мындан сегиз жыл мурда алган 4 сотых жерине ушу күнгө чейин там сала  албай жаткандыктарын билдирди.”Мыйзамдуу алган жерине там сала албаса, анда, аларга эмне үчүн кызыл китеп берилген?”- деп суроо койду депутат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2495

Окшош жаңылыктар