ЖАҢЫЛЫКТАР 03.09.20

03-09-2020 09:00

Бүгүн, 3 – сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш сентябрь айынын календарлык планын бекитет. Ошондой эле депутаттык курамды жаңыдан толуктап отурган эл өкүлдөрү ант беришет. Алар: Сталбек Молдалиев, Нурлан Сырдыбаев, Осмон Турдумамбетов, Мээримбек Койчуманов, Уланбек Исмаилов, Улугбек Садиков. “Ар кандай маселелер” саатында да шайлоочулардын суроо – талаптары тааныштырылат. Ратификациялык бир топ мыйзам долбоорлору талданат. Пандемияга каршы чаралар тууралуу аткарылган иштер тууралуу маалыматтар да угулмакчы.

Бюджет жана финансы боюнча комитет Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча насыялык макулдашууга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Долбоордун жалпы баасы 20 млн еврону түзөт. Насыя 25 жылга берилет, анын ичинде 8 жыл - жеңилдетилген мезгил. Аталган долбоордун чектеринде аткарылуучу иштердин тизмесине Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча таштандыларды кайра иштетүүгө кошумча Өзгөн, Майлуу-Суу, Балыкчы, Токтогул, Кара-Суу, Чолпон-Ата, Кызыл-Кыя, Ош шаарлары киргизилүүдө.

Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЭРӨБ) жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) менен түзүлгөн гранттык келишимдерди ратификациялоого багытталган ратификациялык мыйзам долбоорун Бюджет жана финансы боюнча комитет жактырды. Ага ылайык, баштапкы медициналык - санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн 17 млн доллар өлчөмүндө грант берет. Ишти алып барууда Каржы министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аткаруучу тарап болуп саналат. Белгилей кетсек, мамлекеттик программа – 2030да медициналык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан маселелер боюнча төрт багыт так аныкталган. Аларга коомдук саламаттык сактоо, баштапкы медициналык - санитардык жардам, стационардык сектор жана тез жардам кызматы кирет.

Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Ысык-Көл жана Нарын областтарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда, Нарын областынын Кочкор районунда жаңы сугат объектилери курулат. Андан тышкары, Үч-Коргон, Шамшы, Түгөл-Сай сууларында 4 суу сактагыч курулууга тийиш. Ишти жүзөгө ашыруу үчүн “Ысык-Көл жана Нарын областтарындагы сугат айыл - чарбасын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында аталган региондорго жалпысынан 59,5 млн доллар бөлүнөт.  Планды ишке ашыруу мөөнөтү – 5 жыл. Анын ичинде, Ислам өнүктүрүү банкынын каражаты – 20 млн доллар. Жеңилдетилген насыя 25 жылдык мөөнткө 1,5 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Долбоорду ишке ашыруунун экинчи этабында Сауд фонду 30 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен 30 млн. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлөт. Ал эми Кыргызстан долбоорго 8,9 млн доллар кошууга тийиш. Бул маселени дагы Бюджет жана финансы боюнча комитет жактырды.

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3 – сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил - мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат. Айрым аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9, кээ бир райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:22…27; Талас:21…26; Баткен, Ош, Жалал-Абад: 24…29; Ысык-Көл, Нарын:14…19 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 3 – сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 24…26 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 99

Окшош жаңылыктар