Депутат Пархат Тулендыбаев: «Азыркы экологиялык абал жергиликтүү тургундар менен эс алуучулардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизбей койбойт»

03-09-2020 10:21

Ушу тапта Кыргызстанда, анын ичинде айрыкча Ысык-Көлдөгү экологиялык абал оор. Көлдүн айланасы таштандыга толуп кеткенин көрүп турабыз. Ал эми өлкөнүн баардык аймагында айлана-чөйрө менен аба мейкиндиги булганууда. Анын башкы себеби автомашиналардын кескин өсүшү. Бул тууралуу депутат Пархат Тулендыбаев Жогорку Кенеш жыйынында билдирди.

Мындай абал жергиликтүү тургундар менен эс алуучулардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан, тийиштүү мамлекеттик органдар бул багытта иштиктүү чараларды көрүүгө тийиш. Ансыз келечек муундун тагдыры кыйын болот.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 356

Окшош жаңылыктар