Жогорку Кеңештин 7 жаӊы депутаты парламентте ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

03-09-2020 09:55

Жогорку Кеӊеште жаӊыдан депутат болуп келишкен Молдалиев Сталбек Уметкулович, Сырдыбаев Нурлан Муратбаевич, Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович, Койчуманов Мээримбек Нурбекович, Исмаилов Уланбек Чекишевич, Садиков Улугбек, Кенжебаев Байгазы Бобунович ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбак Жумабеков жалпы депутаттардын атынан аларды депутат болуп келиши менен куттуктап, эл өкүлчүлүк ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 560

Окшош жаңылыктар