Ичүүчү суу менен жабдуу, канализация, катуу калдыктар долбооруна кошумча өзгөртүүлөр киргизилүүдө

02-09-2020 12:07

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын жана Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча насыялык макулдашууга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Өз кезегинде, Программаны ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа инвестициялык банкы тарабынан каржылоо тартылган. Долбоордун жалпы баасы 20 млн еврону түзөт. Насыя 25 жылга берилет, анын ичинде 8 жыл - жеңилдетилген мезгил.

Долбоор ичүүчү суу менен камсыздоону, канализация тармагындагы муниципалдык инфраструктураны модернизациялоону, катуу таштандыларды башкарууну жакшыртууга багытталган. Андагы Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча таштандыларды кайра иштетүүгө кошумча Өзгөн, Майлуу-Суу, Балыкчы, Токтогул, Кара-Суу, Чолпон-Ата, Кызыл-Кыя киргизилүүдө.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 572

Окшош жаңылыктар