Эл аралык донорлор баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн 17 млн доллар өлчмүндө грант берет

02-09-2020 11:37

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЭРӨБ) жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) менен түзүлгөн гранттык келишимдерди ратификациялоого багытталган ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды.

Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн 17 млн доллар өлчмүндө грант берет. Грантты алууда Каржы министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аткаруучу агенттиктер болуп саналат.

Белгилей кетсек, Мампрограмма – 2030да медициналык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан маселелер боюнча төрт багыт так аныкталган, аларга коомдук саламаттык сактоо, баштапкы медициналык-санитардык жардам, стационардык сектор жана тез жардам кызматы кирет. Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын алкагында төрт конкреттүү багыттан  баштапкы медициналык-санитардык жардамга көңүл коюлат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 288

Окшош жаңылыктар