Кызыл-Аскердеги күндүзгү стационардан 500гө чукул адам дарыланды

14-07-2020 12:42

Бүгүнкү күнгө карата борбор калаадагы Кызыл-Аскер районунда жайгашкан "Арал" кафесинде ачылган күндүзгү стационардан 493 адам дарыланды.  

Белгилей кетсек, аталган күндүзгү дарылоо борбору шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу Төрага Дастанбек Жумабековдун демилгесинин негизинде эл өкүлдөрү Канатбек Исаев, Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Тазабек Икрамов жана мурдагы депутат Руслан Чойбековдун көмөгү менен ачылган.

Анда курч мүнөздөгү вирустук инфекцияга жана жеңил формадагы өпкөнүн сезгенүүсүнө кабылган жарандар үчүн 50 орундуу дарылоо шарттары түзүлгөн. Стационарда 3 дарыгер, 5 медайым, 2 санитардык кызматкер иш алып барууда. Андан тышкары, ичинде дарыкана ачылган. Ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттары, тамак аш жана жашаган жай менен камсыздалган, дарылоо жайында кычкылтек концентраторлору да бар.

Күндүзгү стационар Дэн Сяопин көчөсүндө (№199) жайгашкан.  

Иштөө тартиби: саат 08:00-19:00 аралыгында (тамчылатма дары куюу 17:00гө чейин)

Бардык каалоочулар кеңеш алуу жана дарылануу үчүн кайрылса болот.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 15423

Окшош жаңылыктар