Айрым депутаттардын парламенттин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу кайрылуусуна байланыштуу түшүндүрмө

14-07-2020 11:25

Парламенттин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу депутаттар Н.Никитенко, Р.Момбеков жана Ж.Акаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун атына келип түшкөн кайрылууга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентине ылайык Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде Төрага Президенттин, Өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча парламенттин кезексиз сессиясын чакыруу укугуна ээ. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш, себебин, кароого сунушталган суроолорду жана өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен Төрагага жиберилиши керек.  

Тагыраагы, жогоруда аты аталган депутаттардан сунушуна Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн бири кошулушу зарыл.    

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 7459

Окшош жаңылыктар