Жогорку Кеңеш 30 кычкылтек концентраторун аймактык саламаттыкты сактоо мекемелерине жөнөтөт

13-07-2020 16:42

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен парламенттик Аппараттын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Ян Цайпинь айым баштаган Кыргызстандагы кытай ишкерлеринин Ассоциациясы 30 кычкылтек концентраторун берди. Көмөк көрсөткөн ишкерлердин катарында Умар Ашим, Шерали Абдикерим жана Супражим Даават бар.

Ишкерлер менен болгон жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков ушундай оор учурда көрсөткөн көмөгү үчүн Ассоциацияга ыраазычылык билдирди.

Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын көрсөтмөсүнө ылайык аталган кычкылтек концентраторлору муктаж болгон аймактык саламаттыкты сактоо мекемелерине жөнөтүлөт.   

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 7602

Окшош жаңылыктар