Төрага Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелерине керектүү медициналык жабдууларды берди

13-07-2020 16:40

Өлкөдөгү татаал эпидемиологиялык кырдаалга жана келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун каржылык көмөгү менен Талас облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелерине кычкылтек концентраторлору жана пульсоксиметрлер тапшырылды.  

Аталган жардам аймактагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков карантиндик чаралар киргизилгенден бери аймактарга гуманитардык жана каржылык жардамдарды жигердүү көрсөтүүдө.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 6155

Окшош жаңылыктар