Россия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Ч.Турсунбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Төрага Дастанбек Жумабековго көңүл айтты

13-07-2020 11:38

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Төрага Дастанбек Жумабековго көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Анда мындай деп айтылат:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Чыныбай Акунович россия-кыргыз парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө, элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдөөгө зор салым кошкон.

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан маркум Чыныбай Акуновичтин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтарымды жеткирип коюуңузду өтүнөм.  

Урматтоо менен,                                                                             Вячеслав Володин".

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 6463

Окшош жаңылыктар