Бактыбек Райымкулов: “Дыйкандарга берилүүчү насыялардын пайыздык үстөгү төмөндөтүлүүдө”

20-10-2016 06:22

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө   дыйкан-фермерлер үчүн  пайыздык ставкалар боюнча жеңилдетилген кредит берүү тартиби 10%дык өлчөмдөн 7%дык чекке  төмөндөтүлүүдө. Бул тиешелүү мыйзам менен бекемделип, Өкмөт курамынын алмашуусунан да көз каранды болбой, туруктуу иштей турган норма болот, -дейт  демилгечи депутат Бактыбек Райымкулов бүгүн, 20-октябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.

Эгерде дыйкандар коммерциялык банктардан кредит ала турган болсо, алардын айрым бир бөлүгүн Өкмөт субсидия кылып төлөп берет. Мисалы, насыя 21% үстөк менен берилген болсо, анын 8-9%ын мамлекет субсидиялайт,- дейт депутат.

Ошондой эле эл өкүлүнүн айтымында, 2011- жылдан баштап  565 млн. сомдук субсидия берилгенде аны  4427 дыйкан алган. Ал эми  2012-жылы болсо 700 млн. сом  таратылган. Ошол каражаттардын бардыгы мамлекетке кайра кайтарылган,- дейт Б.Райымкулов.

2013-жылы 14 599 киши айыл чарба багытындагы насыяларга ээ болгон. 2014-жылы болсо 15 миң дыйкан жеңилдетилген насыялардан колдонгон. 2015-жылы каражаттык колдоону 9700 киши алган. Азыркы максат ошол субсидия алуучулардын эсебин жогорулатуу.,- дейт депутат.

Күзгү жыйым-терим иштерине дагы токтолгон эл өкүлү кызылча өстүрүүчүлөрдүн көйгөйүнө кайрадан кайрылды. “Азыркы тапта жаан жаап, талаа-түз ылай болуп, айыл чарба техникаларынын жүрүшүн оорлотууда. Ошондуктан, аскердик кубаттуу техникалар  талаастандарындагы жыйым-терим иштерине колдонулса,  дыйкандардын түйшүгү  бир топ жеңилдемек”, - дейт Б.Райымкулов.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 443

Окшош жаңылыктар