Депутат Төрөбай Зулпукаров: “Өкмөт татаал учурда иштейт”

17-06-2020 11:20

“Өкмөт татаал учурда иштейт. Аларга COVID-19 илдети менен күрөшүү, экономикалык көрсөткүчтөрдү көтөрүү, парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүү тапшырмалары коюлган”, – деди депутат Төрөбай Зулпукаров 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында. Эскерте кетсек, парламенттин кезектеги жыйынында Өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү маселелери каралууда.   

Муну менен катар Төрөбай Зулпукаров Өкмөттүн башкы милдети өлкөдөгү, экономикадагы жана коомдук-саясий турмуштагы туруктуулукту сактоо экенин белгилеп, Өкмөт башчылык жана вице-премьер-министрлик кызмат орундарына талапкерлерден парламенттик шайлоону кайсы бир саясий топко тартпастан, бейтарап өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн сурады. Талапкерлер Кубатбек Боронов менен Алмазбек Баатырбеков: “Биздин эркибиз жетет. Шайлоолорду өткөрүү боюнча тажрыйбабыз бар. Бардык коюлган тапшырмаларды ишке ашырууга бүт күчүбүздү жумшайбыз”, – деп жооп беришти.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 493

Окшош жаңылыктар