Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту

16-06-2020 11:58

22-июнда Фергана шаарында Жогорку Кеңеш менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өтөт. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров аталган комиссиянын теңтөрагасы катары кыргыз делегациясын жетектеп барат.

Буга байланыштуу парламенттер аралык комиссиянын мурдагы отурумдарында айтылган маселелердин аткарылышы, жаңыдан жаралган жагдайлар жана суроо туудурган маселелер боюнча атайын жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн жарандарынын чек ара аркылуу өтүүсү, анда жаралган ыңгайсыздыктар, айрым бир нааразылык жараткан маселелер боюнча пикир алмашууга орун берилди. Ошондой эле чек арада жаралган чыңалуулардын себептерин дыкат иликтөө, өз ара жылуу мамилелерди бекемдөө багытындагы иштерге басым жасалды. Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштын өркүндөөсүнө тоскоол болчу маселелерге жол бербөө, эки элдин ортосундагы достук-коңшулук мамилелерди чыңдоо боюнча иштерди активдештирүү боюнча кеңири сөз болду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1200

Окшош жаңылыктар