КР Өкмөтү интернет тарифине олуттуу мамиле жасашы керек

20-10-2016 05:46

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында бир катар депутаттар интернеттин баасы өскөнү менен сапаты төмөн болуп жатканын көтөрүп чыгышты.

Депутат Жанарбек Акаев дүйнөдө интернет байланышы үчүн төлөмдөр арзандап, айрым жерлерде бекер болуп жатса, Кыргызстанда баа жогорулап, сапаты начар болуп жатканын ортого салды. Анын маалыматы боюнча жакында эле кыргыз-казак провайдерлери сүйлөшүп, бааны төмөндөтүү боюнча бир пикирге келишкен. Бирок казак тарап бул макулдашууну аткарбай жатат. “Мындай жагдайга кол жайып эле тура бербей, интернет менен жеткиликтүү, сапаттуу камсыздоонун альтернативдүү жолун издешибиз керек” дейт депутат. Ж.Акаев Маалыматтык технологиялар комитети электрондук өкмөт түзүп, элдин маселелеринин чечилишин жеңилдетүүнү мындай кой, жарытылуу интернет менен камсыздай албай жаткандыгын сынга алды.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков “Кыргызтелеком” ишканасы Казакстандан саатына 1 мегабайтты 13 АКШ долларынан алып, Кыргызстанга 30 АКШ долларынан сатып, болжол менен мамлекетке жарым миллион АКШ долларын чыгым кылып жатканын айтып чыкты. Депутат бул жагдай боюнча тез арада депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды.

Кесиптештеринин жогорудагыдай пикирлерин депутаттар Таалайбек Масабиров менен Анвар Артыков дагы колдоп чыгышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 280

Окшош жаңылыктар