Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Дастанбек Жумабеков "Жерлерди трансформациялоо ишин эртелетүү керек"

03-06-2020
13:19

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралды.

Талкуу маалында Төрага Дастанбек Жумабеков бул жаатта Өкмөттүн жүзгүзүп жаткан саясатын сынга алып: "2016-жылы Өкмөттүн токтому менен комиссия түзүлгөн. Ага депутаттар да кирген болчу. Алар трансформацияланышы керек болгон тилкелерди тактап, үлүш жерлердин ээлерине чейин аныкташкан. Бирок кийин кайрадан жаңы комиссия түзүлгөн менен кабыл алынган чечим дагы деле ишке ашырылган жок. Жөн гана убакыттан уттуруп жатасыңар. Жогорку Кеңеш 2019-жылга чейин берилген жерлерди трансформациялоого багытталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип бергенбиз. Жобо иштеп чыгыш керек деген жүйө менен иш создуктурулуп келүүдө. Мындай болбош керек. Эгер экономиканы көтөрүп, калктын турмушун жакшыртабыз десек, жерлерди трансформациялоо  ишин бүткөрүүбүз шарт", - деди.

"Ак үйдүн алдында канчалаган нааразычылык акциялары өттү. Алсак, Бишкек шаарына жакын жердеги Ак-Ордо конушуна эле депутаттар канча барды, вице-премьер да көйгөй менен жеринде таанышып келди. Бирок дагы деле ал жерлер трансформациялана элек" - деп кошумчалаган Төрага, Өкмөттү алгылыктуу иштерди жасоого чакырды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы