Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Күйүүчү - майлоочу каражаттардын өлкөгө мыйзамсыз ташылып жатканына каршы күрөшүүнү күчөтүү зарыл

03-06-2020
19:50

Бул тууралуу бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндөгү" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоо маалында айтылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Сагынбек Абдылдаевдин белгилешинче, аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын адистери үчүн бардыгы укук коргоо органдары болуп алынган, бирдиктүү кызмат өтөө тартибин бекитүү максатында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамына шайкеш келтирүү үчүн иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев менен Аалы Карашев Бишкек шаарынын жана жаңы конуштардын аймагында сатылып жаткан күйүүчү - майлоочу каражаттарга көңүл бурууга чакырып, бул жааттагы аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү керектигин кошумчалашты.   

"Шаар тегеринде аткезчилик менен ташылып жаткан күйүүчү - майлоочу каражаттарды саткан жайлардын саны эки эсе көбөйүп, көрүнгөн жерде канистрлер турат. Силердин орган экономикалык коопсуздук боюнча саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укукка ээ. Эмнеге мындай жагдай жаралды?" - деген суроо салды Аалы Карашев.  

Өз кезегинде Сагынбек Абдылдаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери күн сайын кыдырып текшерип жатканын, бирок алар аткезчилик менен ташылган каражаттарды соттун чечими менен гана конфискация кыла аларын, андан тышкары айып пулдун өлчөмү да өтө төмөн экенин маалымдады. Буга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар натыйжалуу болбой, сатуучулар арбып бара жатканын кошумчалады.  

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы