Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Дастан Бекешев Кыргызстандагы чет өлкөлүк студенттердин укугун коргоо зарылчылыгын белгиледи

03-06-2020
19:18

Бүгүн, 3 - июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Өкмөт тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндөгү" мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартибин ирээтке келтирүү жолу менен мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы кенемтелерди жок кылуу максатында иштелип чыкканын маалымдады.

"Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ички иштер органдарынын ишин талдоо жана алынган статистикалык маалыматтар республикадагы миграциялык абалдын татаал экендигин көрсөттү", - деген Мирлан Каниметов: "2014 - жылдан 2018 - жылга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү жана эмгектик ишмердикти жүзөгө ашыруу тартибин бузгандыгы үчүн 21 миң 668 чет өлкөлүк жаран администрациялык жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен 1549 чет өлкөлүк жаран республиканын чегинен чыгарылып, төлөнгөн айыптын суммасы 192,640,000 сомду түзгөн", - деп кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев тоноочулардын курмандыгына айланып, негизсиз текшерүүгө кабылган, анын ичинен ИИМдин 10 - кызматынын кызматкерлери тарабынан да басмырлоого дуушар болгон чет өлкөлүк студенттердин укугун коргоону күчөтүү зарылчылыгына токтолду. "Андан тышкары силер укук коргоо органдарынын кызматкерлерине чет өлкөлүк жаранды атайын чечим жок өлкөдөн чыгаруу укугун берген ченемди киргизүүнү сунуштап жатасыздар. Өзүңөргө соттун иш милдетин жүктөй албайсыңар жана өз алдынча чечим чыгарууга укугуңар жок", - деген Дастан Бекешев Өкмөттү бул жааттагы коррупциялык элементтерди жоюуга чакырды.    

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы