Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар тобу ата-энеси белгисиз балдарга ай сайын жөлөк пул чегерүүнү демилгелөөдө

03-06-2020
17:44

Бүгүн, 3 - июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар К.Зулушев, Т.Зулпукаров, П.Тулендыбаев, У.Ормонов, Э.Тагаев, Н.Каримов, А.Касымалиева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үч окууда каралууда.   

Демилгечи депутаттардын бири Курманкул Зулушев мыйзам долбоору жарандардын жашаган же турган жерине карабастан мамлекеттик жөлөкпулдарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Муну менен катар арыз ээсинен иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө маалымкатты талап кылбоо сунушталууда. Арыз ээси тууралуу маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн алкагында арыз ээсинин идентификациялык жеке номери боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен суралып такталат.

Эл өкүлү аталган ченем биринчи кезекте ички мигранттарды мамлекеттик жөлөкпулдар менен камтууну камсыз кыларын кошумчалады.

"Ички миграциялык процесстер иш жүзүндө бардык облустардын аймагында административдик - аймактык бирдик статусуна ээ болбогон жаңы конуштарда жашаган үй - бүлөлөрдүн бар экендигине алып келди. Бишкек шаарынын айланасындагы 15ке жакын административдик - аймактык бирдик статусуна ээ болбогон өз алдынча уюшулган жаңы конуштарда алдын - ала маалыматтар боюнча 8,5 миңге жакын үй-бүлө жашайт жана алардын 50%га жакыны турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр. Мындан тышкары, дача участкаларындагы тургундар каттоого турган эмес. Бул жагдай жакыр жашаган үй - бүлөлөрдү мамлекеттик жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат", - деди Курманкул Зулушев.

Андан сырткары, депутат мыйзам долбоору аркылуу ата - энеси белгисиз болгон балдарга ай сайын жөлөк пул чегерүү да сунушталып жатканын белгилеп: "Ата-энеси белгисиз болгон балдар көпчүлүк учурда интернат тибиндеги балдар мекемелеринде тарбияланат. Азыркы учурда, 42 ата - энеси белгисиз болгон балдардын ичинен 40 бала балдар мекемелеринде тарбияланып жатат жана 2 бала камкордукка алынган. Тилекке каршы алар социалдык төлөм албайт. Ал эми аларга ай сайын 2 миң сомдон жөлөк пул берсек, жалпы 84 миң сом гана керектелет", - деди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы