Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Билим берүү багытындагы мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр добуш берүүгө жиберилди

03-06-2020
16:35

Бүгүн, 3 - июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында  депутаттар  “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады.

Жыйында Билим берүү жана илим  министрлигинин өкүлү  белгилегендей, мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү”  конституциялык мыйзамдын  31 - беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын  өзүн - өзү өнүктүрүү жана  жеке керектөөлөрүн канааттандыруу  максатында билим жана тажрыйба алууга багытталган кошумча билим берүү кызматын көрсөтүү чөйрөсүндөгү  ар түрдүү ишмердүүлүктү  жүргүзүү укугун  камсыздоо максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, "Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын 28 - беренесинин  төртүнчү абзацын күчүн жоготту деп  таануу жагы сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Тариел Жоробеков мыйзам долбоорундагы “ишмердүүлүк тажырыйбасы”  деген түшүнүк тууралуу суроо берди. "Ишмердүүлүктүн кайсыл тажрыйбасы зарыл”, - деп сурады депутат.

Билим берүү жана илим  министрлигинин өкүлүнүн  маалыматы боюнча, бул чет тилдерге, компьютердик техникага, бухгалтердик эсепке, автоунаа айдоого, бычмачылыка, тигүүчүлүккө окутууну жана ишмердүүлүктүн башка түрлөрүн ичине камтыйт. 2016-2017- жылдарда кошумча билим берүү чөйрөсүндө билим берүү ишмердүлүгүн жүргүзүүгө укук берген лицензиялардын негизинде ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жасалган анализ 241 багыттагы тизмени түзүүгө мүмкүндүк берген. 

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы