Бүгүн, 3-июнда инвестицияларды колдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр онлайн режиминде талкууланды.
Онлайн талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко жана Марлен Маматалиев ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө, мыйзам долбоору менен чечилиши керек болгон маселелер боюнча сын-пикирлер жана сунуштар айтылды. Демилгечи депутат Абдывахап Нурбаевдин айтуусу боюнча, биринчи кезекте мыйзам долбоору өлкөнүн бардык региондорун өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жумушчу орундарын түзүүгө, кыйыр түрдө эмгек мигранттарын өлкөгө кайтарууга, ошондой эле аларды жумушка орноштурууга багытталган.
Мыйзам долбоору ошондой эле эл аралык өнүгүү максаттарына ылайык келип, экономикага жана натыйжалуу институттарды түптөөгө салымын кошо алат. Эгерде глобалдык өнүгүүнүн күн тартибине кайрылсак жана 2015-жылдан бери БУУга башка мүчө мамлекеттер менен катар Кыргызстан да туруктуу өнүгүүнүн 2030-жылга чейин БУУ белгилеген 17 максатына жетүү жоопкерчилигин алган. Буга байланыштуу мыйзам долбоору жок эле дегенде 17 максаттын эки максатына жетүүгө өбөлгө түзөт. Алар:
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы