Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасында Жаӊгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окуудан каралды

03-06-2020
15:26

Бүгүн, 3 - июндагы  Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында жаӊгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун депутаттар М.Бакиров, Д.Джумабеков, Б.Төрөбаев, А.Жээнбеков, А.Узакбаев, Р.Туманбаева, А.Эргешов, Т.Масабиров, А.Алтынбеков, А.Жунус уулу демилгелешкен.  

Демилгечилеринин бири, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана  регионалдык өнүктүрүү  боюнча комитеттин төрагасынын орун басары  Рада Туманбаева  мыйзам долбоорунун максаты жогорку түшүм алуу үчүн жаңгак плантацияларын  түзүү, жаңгак көчөттөрүнүн генофондун  сактоо жана алып келинчү жаңгак көчөттөрүнүн сортторуна көзөмөлдү күчөтүү экендигин белгиледи. "Бул экологиялык жактан таза  продукцияны экспорттоого  шарт түзүүгө, улуттук брендди калыптандырууга мүмкүндүк берет”,  - деди депутат.

Айыл аймактарынын  жерлеринде жаңгак плантацияларын түзүү жана алардын продуктуулугун  жогорулатуу жаңгакты өндүрүүнүн бардык  технологиялык звенолорун пайдалануу, дарактарды кароо, бутоо, эмдөө, ар кандай оорулардан, курт - кумурскалардан коргоо сыяктуу  дагы бир топ иш - чараларды аткаруу жолу менен  жогорку натыйжалуулукка жетишүүгө болоору белгиленди.

Талкуунун жүрүшүндө  депутат Тариэл Жоробеков жаңгак токойлорун ижарага берүү маселесине кызыкты. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары  Элдияр Шерипов токойлорду ижарага берүү  конкурстук негизде жүргүзүлөөрүн, негизги талаптардын бири  жашыл көчөттөрдү  сактоо жана  көбөйтүү экендигин маалымдады.

“2018 - жылга чейин болгону 13 миң гектар токой ижарага берилген болчу. Азыр бул көрсөткүч 25 миң гектарды түзүүдө. 2018 - жылы биз  Өкмөттүн токтомун кайра карап чыктык. Ага чейин  ижарачылар арасында тең бөлүнчү эмес. Кимдир бирөө 5 гектар алса, дагы бирөө 30 гектар алчу. Азыр бир адамга 5 жылдык мөөнөт менен  5 гектардан ашык жер берилбейт. Эгер биздин талаптарыбыз аткарылса, ижара мөөнөтү адегенде  25, андан соң 50 жылга  автоматтык түрдө узартылат. Муну менен биз токой пайдалуучуларды мотивациялап жатабыз, мурда алар түшүмдү жыйнап эле кетип калышчу, өздөрү ижарага алган  аймакты  өнүктүрүүгө, жаңгактын  эндемикалык түрлөрүн сактоого  кызыкдар эмес болчу”, - деп түшүндүрдү Элдияр Шерипов.

Депутат  Азизбек Турсунбаев өлкөнүн түштүгүндө жер тартыш экенин билгилеп, айыл өкмөттөрү  жаңгак плантацияларын түзүү үчүн  жерди кайдан алаарын тактап, мыйзамдын авторлоруна жаңгакты республиканын түндүк райондорунда да жайылтуу мүмкүнчүлүгүн  карап көрүүнү сунуштады. "Жаңгак өтө кеч, 10-15 жылда гана түшүм берээрин эске алуу зарыл. Ушуга байланыштуу  бат түшүм берүүчү эргежел сортторду өстүрүү боюнча кошуна  Өзбекстандын  тажырыйбасын пайдалансак болот”, - деди Азизбек Турсунбаев.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорунан жаңгак плантацияларын  өстүрүү нормаларын  бузган кызмат адамдарына карата жоопкерчиликти караган пунктту алып салууну  сунуштады. "Ошондой эле 7-беренеде мамлекеттик менчиктеги жерлерде  жайгашкан  плантациялар  мамлекеттик менчик болуп эсептелээри  белгилениптир. Эгер ал ижарага алынган жер болсо, эмне үчүн ал ижарачыга эмес, мамлекетке таандык болуш керек?” - деп суроо салган депутат мыйзам долбоору  декларативдүү болуп калбасын үчүн  бул норманы кайра карап чыгууну өтүндү. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов комитеттеги талкуу учурунда мындай сунуштар түшкөнүн, алар эске алынаарын билдирди.

Талкуудан соң  мыйзам долбоору экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы