Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы абал каттамдарын киргизүү тууралуу макулдашууга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

28-05-2020
14:23

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган аба каттамдарын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Протоколго кол коюунун негизги максаты учуулардын географиясын кеңейтүү, абада ташууларга тарифтерди белгилөө процессин либералдаштыруу, дайындалган авиа ташуучулардын ортосунда тең ата атаандаштыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы