Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар  “Биоэтанол” жөнүндөгү мыйзамды талкуулашты

28-05-2020
13:13

Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында депутаттар Өкмөт тарабынан демилгеленген  “Биоэтанол жөнүндөгү"  мыйзам долбоорун экинчи окууда карады.

Жыйында баяндама жасаган Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүү боюнча комитеттин төрагасы  Нурбек Алимбеков  мыйзам долбоору  экологиялык жана  экономикалык кырдаалды  жакшыртуу максатында, ошондой эле  импорт отунга көз карандылыкты азайтуунун алкагында  иштелип чыккандыгын белгиледи.

”Бул мыйзам долбоору  Жогорку Кеңеште  эки жылга жакын убакыттан бери каралып жатат. Кеңири талкуудан кийин  кызыкдар тараптардын баарынын  кызыкчылактары эске алынып, экинчи окуудан кабыл алууга  сунушталат”,- деди Нурбек Алимбеков.

Талкуунун жүрүшүндө  депутат Тариэл Жоробеков  айыл чарба министри Эркинбек Чодуевге суроо берип, кайсыл ишканалар биоэтанол чыгара аларына, ”Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын  базасында  өндүрүштү уюштуруу үчүн  канча каражат талап кылынарына кызыкты.

Министр Эркинбек Чодуев биоэтанолду өндүрүүгө бардык юридикалык тараптарга уруксат берилерин, анын ичинде “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын  базасында да өндүрүштү ишке киргизсе болоорун айтты. "ТЭОго ылайык, бул заводдо  өндүрүштү  уюштуруу үчүн  2 млн. долларга жакын акча талап кылынат, бул каражатты табуу үчүн  инвесторлорду тартуу каралып жатат”, -деди ал.

Өз кезегинде  депутат Бакирдин Субанбеков  баяндамачылардан акыркы беш жылда токтоп турган  "Кара-Балта спирт заводу"  кыргыз-орус  өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен өз ишин кайра баштап, кант патокасын чыгара баштаары тууралуу ЖМКларга жарыяланган  маалымат канчалык чындыкка жакын экендигин  сурады. ”Мага  заводдун кызматкерлери кайрылып,  эки жылдан бери  айлыктарын алалбай жатышкандарын айтышты”, -деди депутат.

Заводдун директору Таалайбек Далбаев сырьенун жоктугунан жана даяр продукцияны сатууга мүмкүн болбогонунан улам завод токтоп турганын билдирди. Акыркы эки айда  ишканада оңдоп-түзөө иштери жүрдү, кийинки аптанын башында  кубаттуулугу 500 далл  өндүрүштү ишке киргизмекчибиз. Эки айдан кийин  анын кубаттуулугу  1 млн. даллга жеткирилет. Ал эми айлык акылар боюнча карызга келсек, ал продукция чыгарыла баштаганда график боюнча төлөнөт”,- деди.Таалайбек Далбаев.

Ал эми депутат  Аалы Карашев мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп, кабыл алынган соң мыйзам декларативдүү болуп калбашы үчүн  аны ишке ашыруу механимин  жеткире иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Депутат Гүлшат  Асылбаева  Кара-Балта спирт заводу  боюнча  инвестициялык келишимдин шарттарына, ошондой эле россиялык жана татар инвесторлорунун кандай тиешеси бар экендигине кызыкты.

Ишкананын директору  Таалайбек Далбаев адегенде  “Татспиртпром” АКсынын  инвестициясын тартуу каралганын, бирок, ал жерде  жетекчилик алмашып, экономикалык көйгөйлөр пайда болгонунан улам  кызматташтык ишке ашпай калганын айтты. "Андан соң  Кара-Балта  заводу менен  россиялык фирманын  жергиликтүү филиалынын  ортосунда  өз ара иштешүү боюнча  келишимге кол коюлду. Алар биздин заводго 26 млн. сомго жакын  инвестиция салып жатышат. Анын 7 млн. сому оңдоп-түзөөгө жумшалды”,-деди.

Депутат Гүлшат Асылбаева болсо бул инвестициялык долбоор эмес, өз ара кызматташуу экендигин билгилеп, завод иштебей турган мезгил үчүн кызматкерлерге айлык төлөп берүү зарыл экендиги тууралуу маселе койду.

Талкуудан соң мыйзам долбоору  экинчи окуудан добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы