Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Экмат Байбакпаев: "Биз Тажикстандагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүшүбүз керек"

28-05-2020
11:30

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Экмат Байбакпаев Тажикстан Республикасынын Жерге - Тал районунда жашаган этникалык кыргыздарга материалдык көмөк көрсөтүү маселесин көтөрдү. Бул тууралуу кайрылуу аталган райондон Кыргызстанга көчүп келгендерден келип түшкөнүн маалымдады.

"Алар Тажикстанда калган туугандарына жардам берүүнү көздөшүүдө. Бирок кандай жол менен беришерин билбей жатышыптыр. Азыркы тапта пандемияга байланыштуу Жерге-Талда кырдаал оор. Район биздин борбордон да, Дүйшөмбү шаарынан да алыс жайгашкан. Ара жолдо калган элге кыйын кырдаалда гуманитардык жардам беришибиз керек", - деген депутат, Өкмөттү жана тышкы иштер министрин аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы