Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жер кодекси менен “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

28-05-2020
11:35

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодекси, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карады.

Мыйзам долбоору аркылуу «жайыттарды жакшыртуу», «жайыттарды үстүртөн жакшыртуу», «жайыттарды түп-тамырынан жакшыртуу», «маданий жайыттар», «тоют ѳсүмдүктѳрү», «шалбааландыруу» деген түшүнүктѳр киргизилүүдѳ.

Жыйында белгилүү болгондой, учурдагы эң маанилүү жана ѳрчүндүү кѳйгѳй болуп жайыттардын куунарсыздыгынын кѳбѳйүшү эсептелинет. Андыктан тиешелүү министрликтин бирден бир маанилүү жана негизги чаралары Кыргыз Республикасынын жайыттарын башкаруу жана пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатын жүргүзүү болуп эсептелинет.

Тагыраагы, жайыттардын кунарсыздыгын тѳмѳндѳтүү менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш - чараларды уюштурууда, малдардын басымдуулук ченемин аныктоодо алгылыктуу аракеттерди көрүү шарт.

Аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы