Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Дастанбек Жумабеков Түркия парламентинин Төрагасы Мустафа Шентоп менен телефон аркылуу сүйлөштү

28-05-2020
11:23

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Баарлашуу маалында тараптар кыргыз - түрк алакасына жана парламенттер аралык кызматташтыкка, анын ичинен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы байланыштарга тиешелүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле парламент Төрагалары коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү көйгөйлөрүнө да токтолушуп, пандемия шартында тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.     

Эскерте кетсек, телефондук сүйлөшүү Түркия тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы