Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Карамат Орозова: "Каралбай калган Каракол каналын оңдоо зарыл"

28-05-2020
11:01

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова Өкмөттүн көңүлүн Баткен районунун  Кара-Булак айыл өкмөтүндөгү суу тартыштыгына бурду.

Эл өкүлүнүн айтымында, бир кезде 1000 гектар жерди суу менен камсыздаган Каракол каналы 1995-жылдан бери бюджеттин тартыштыгынан каралбай, бузулуп, суу келбей калган. "Эл кыйналды, көптөгөн эгин талааларды куурап жатат. Андыктан, каналды оңдоп беришибиз керек", - деди Карамат Орозова.

Ал эми депутат Калдарбек Баймуратов Сузак менен Тогуз-Торонун ортосундагы ашуу боюнча маселе көтөрүп: "Бул ашуу 1-майда ачылчу. Бирок, быйыл дале ачыла элек. Кыймыл токтоп турат. Тиешелүү техникалар менен камсыздап каттамды калыбына келтирүү шарт", - деди.

Ошондой эле депутат Айгерим Бешимбаева 100 миңден ашуун калк жашаган Военно- Антоновка, Новопавловка айылдарындагы коомдук унаа көйгөйүнө  токтолуп, Бишкек-Военно-Антоновка каттамын унаа базарга чейин узартып берүүнү, ушул жерге чейин троллейбус линиясын да тартууну суранды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы