Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште көйгөйлүү маселелер көтөрүлүүдө

28-05-2020
10:15

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынындагы "Ар кандай маселелер" саатында депутаттар учурдагы олуттуу көйгөйлөргө токтолушуп, аларды чечүүдө Өкмөт жигердүүлүк көрсөтүшү керектигин белгилешти.

Алсак, депутат Максат Сабиров жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүү багытында Өкмөткө кайрылганын билдирип, бирок каржы жаатындагы маселелерди чечүү багытында оңдуу жооп ала албаганын кошумчалады. Муну менен катар курулуп калган мектеп - бала бакчалардын ички керектүү жабдуулары камсыздалбай калып жатканына токтолуп, буга мисал катары Ысык-Көл облусунун Челпек айылындагы бала бакчанын толук иштөөсүнө зарыл болгон каражаттар каралбай калганын мисал кылды.

Ал эми депутат Кубанычбек Нурматов Нарын облусунун Дөбөлү айылындагы контейнерде окуп, кийин маданият үйүндө окуусун уланткан окуучулардын мектебин быйыл бүткөрүүнү талап кылды.

Ошондой эле Новопавловка айыл аймагындагы таза суу маселесин депутат Гүлшат Асылбаева көтөрүп: "Пандемия маалында миңдеген калк таза суусуз калышы чоң көйгөй. Андыктан, тез арада сууну токтоосуз берүү маселеси чечилиши керек", - деди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы