Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды

27-05-2020
14:30

Бүгүн, 27-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлашты.

Аталган кызмат ордуна “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин талапкерлиги сунушталган. Жашыруун добуш берүүнүн негизинде сунушталган талапкерди 83 депутат колдоп, натыйжада Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы