Бүгүн, 27-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Натыйжада төмөндөгү мыйзам долбоорлору кабыл алынды:
Биринчи окууда:
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.09.19дагы № 476 токтом);
- “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.01.20дагы № 41 токтом).
Экинчи окууда:
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Осмонова А.Ш., Алыбаев О.А., Жапаров А.У., Гайпкулов И.Т., Айдаров С.А.).
Добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөндөгү мыйзам долбоору четке кагылды:
- “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бекешев Д.Д.)
Төмөндөгү мыйзамга карата Президенттин каршы пикири кабыл алынды:
- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (демилгечи – депутат Байбакпаев Э.Дж.).
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы