Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

21-05-2020 19:38

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында төмөндөгү мыйзам долбоорлору кабыл алынды:

Биринчи окууда:

- “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.12.19дагы № 646 токтом);

- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Жээнбеков А.Ш., Нурбаев А.М., Жоробеков Т.У., Дюшалиев А.К., Жапаров А.Ү., Зулпукаров Т.З., Келдибаев С.А., Тотонов Н.Т., Жунус уулу Алтынбек, Акаев Ж.К.)

 

Экинчи окууда:

- “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 21.02.19дагы № 82 токтом);

- “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.12.19дагы № 673 токтом).

 

Үчүнчү окууда:

- “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.05.20дагы № 239 токтом);

- "Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору (демилгечилер - депутаттар Алтыбаева А., Карашев А., Строкова Е., Зулушев К., Абдылдаев М., Бакиров М.);

- "Медицина кызматкерлеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору (демилгечилер - депутаттар Асылбаева Г., Никитенко Н., Самигуллина А.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2342

Окшош жаңылыктар