Депутат Канатбек Исаев: “Республикалык бюджеттеги тартыштыкка байланыштуу ички резервди натыйжалуу башкаруу зарыл”

21-05-2020 17:35

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Канатбек Исаев: “Өкмөттүн токтомунун негизинде Бишкек шаардык Эркин экономикалык аймагынын республикалык бюджетке чегерүүсүнүн көлөмү 2%дан 0,02%га төмөндөгөн. Республикалык бюджеттеги тартыштыкты эске алуу менен ички резервди натыйжалуу башкаруу зарыл”, – деди. Эскерте кетсек, парламентте “Кыргыз Республикасынын 2020 - жылга республикалык бюджети жана 2021 - 2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралууда.  

Ошондой эле чегерүүнүн көлөмү азайгычакты Бишкек шаарындагы Эркин экономикалык аймагы 6 млн сомдун тегерегинде төлөсө, азыр 60 миң сом гана которуп жатканын айткан эл өкүлү: “Дордой” базарындагы ишкерлер бир контейнер үчүн айына 10 миң сом, жалпылап айтканда бир жылга 120 миң сом төлөйт. Ал эми Бишкек шаарындагы Эркин экономикалык аймагы ири аянтты ээлегенине карабай 60 миң сом гана чегерет. Бул туура эмес”, – деп кошумчалады.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1217

Окшош жаңылыктар