Депутаттар “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карады

21-05-2020 15:55

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.  

Жыйында баяндама жасаган Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дарданов мыйзам долбоору айрым ченемдерди акыркы референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияга жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын кодекстерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын маалымдады.

“Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ №161 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралардын комплексин, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы №1 чечимин, ошондой эле, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Стамбул иш-чара планын мониторинг жүргүзүүнүн төртүнчү раундунун алкагында Кыргызстанга берилген сунуштарды жүзөгө ашырууга багытталган” – деди Нурлан Дарданов.

Талкуу маалында депутаттар прокурордук көзөмөлдү күчөтүү маселесине токтолушуп, бул жааттагы актыларды аткаруу механизмин ишке ашырууга байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүштү. Андан тышкары, прокуратура органдарынын курамынын сапатын арттыруу зарылчылыгы айтылды.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1385

Окшош жаңылыктар