Депутат А.Алтыбаева: "Жаркын жашоо энелерден башталат"

17-05-2020 20:04

Энелердин майрамын май айынын 3 - жекшембисине белгилөө демилгеси Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаевага таандык. Парламентте айым - депутаттардын форумун канча жылдардан бери жетектеп, аялзатынын коомдогу ордун жогорулатууга салым кошуп, социалдык маселелерди байма - бай көтөрүп келет.

Азыркы жагдайды эске алып, аралыктан пикир алышууга чакырган "Парламент" радиосунун сунушун убакыттын тардыгына карабай кабыл алган эл өкүлү энелерге түзүлгөн шарттар, алардын социалдык укуктары туурасында ой бөлүштү.

"Баатыр энелердин пенсия курагындагыларына 1000 сомдон кошумча төлөмдү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар энелерге ассистент катары каралган каржылык колдоону Жогорку Кеңеш депутаттары кайра - кайра көтөрүп олтуруп, Өкмөттүн ишке ашыруусун талап кылды. Бул иштин - бир жыйынтыгы. Сүйүнчү пулдун төлөнүшү да олуттуу социалдык колдоо болду", - дейт депутат А.Алтыбаева.

Чындап эле көп балалуу энелердин түйшүгү түмөн. Арасында мээнети жангандары жакшы турмуштан бакыт табышса, кээ бирлери маанайы чөгүп амалы түгөнгөндөрүн жашырбайт. Айталы, балдарынын арасында кылмыштуулукка кириптер болуп калгандары жолукса, "Баатыр эне" наамын алууда талаштуу жагдай жаралган учурлар. Чынында эч бир эне баласын жаман чыксын, - деп ойлобойт, - деди депутат.

Турмуш курууда да жаш кыздардын эртелеп никеге туруусуна жол бербеген шарттарды карап, болочоктогу энелердин укуктарын коргоо багытындагы маанилүү мыйзамдар кабыл алынгандыгын кабарлаган эл өкүлү, - "Азыркы таптагы көп балалуу энелердин абалын сурап, апааттын азабына кабылтпайлы, - деген аракеттерди көрүп, жардамга муктаждардан кабыр алуудабыз", - дейт.

Ошондой эле парламентарий айым, - карантин учурунда үй - бүлөлүк зордук - зомбулуктун көрсөткүчтөрү арбып жаткандыгы өкүндүрөрүн айтып, кризистик борборлордун ишине да маани берилиши керектигине токтолду.

Баарлашуунун соңунда депутат А.Алтыбаева, - бала бактысына чөмүлүп, наристе жытын искеген жалпы аялзатын энелер майрамы менен куттуктап, жаркын жашоо энелерден башталаарын белгиледи.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 660

Окшош жаңылыктар