Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Нурбек Алимбеков түрткү берүүчү гранттарды жана капиталдык салымдарды кыскартпоо зарылчылыгына токтолду

14-05-2020
18:38

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Нурбек Алимбеков өнөктөш-донолор тарабынан бюджетти колдоо үчүн келип жаткан ири көлөмдөгү каржылык жардамга токтолду.

"Кыргызстанга жардам катары 465 миллиондой АКШ доллары келип түштү. Бул 55 млрд. сомдон ашык акчаны түзөт. Анда эмнеге бюджеттен 30 млрд. сомду кыскартып жатасыңар? Бардык дүйнө өлкөлөрү коронавирус илдетинин экономикалык залакалары менен натыйжалуу күрөшүү үчүн калкка толук кандуу жардам көрсөтүүдө ачык-айкын саясат жүргүзүүдө", - деди Нурбек Алимбеков.

Андан тышкары, эл өкүлү Өкмөттү бюджеттеги "түрткү берүүчү гранттар", "капиталдык салымдар" беренелери менен катар ичүүчү суу куурларын курууга, транспорттук тармакты жөнгө салууга багытталган каражаттарды кыскартпоого.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы