Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Бахадыр Сулейманов: "Чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча каржылоо программасы кыскартылбашы керек"

14-05-2020
18:15

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Талкуу маалында депутат Бахадыр Сулейманов бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн кыскарышы улуу жана кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга карата көрүлүүчү миграциялык саясатка таасирин тийгизбеши зарыл экенин белгилеп: "Силер кантип тышкы саясатты каржылоого багытталган 19 млн. сомду жана памир кыргыздарына гуманитардык жардам берүүгө керектүү 5 млн. сомду кыскартып жатасыңар? Андан тышкары, чек ара аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүүгө каралган 15 млн. сом да кыскартылбашы керек" - деди.

Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева этникалык кыргыздарга багытталган каражат толук көлөмдө берилерин айтып, чек ара аймактарына багытталган каражат да кыскартылбай тургандыгын маалымдады. Бирок депутат Бахадыр Сулеманов мыйзам долбоорунун маалымат негиздемесинде 15 млн. сомду кыскартуу тууралуу маалымат жазылганын белгиледи. Каржы министри маалыматты тактай тургандыгын убада кылды.

Сөзүнүн соңунда депутат Өкмөттү Кыргызстанга кайткан эмгек мигранттарын жумуш менен камсыздоого чакырды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы