Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Жыргалбек Турускулов: "Аймактарды өнүктүрүү жылында түрткү берүүчү гранттарды алып салууга болбойт"

14-05-2020
17:24

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Жыргалбек Турускулов 600 млн. сом көлөмүндөгү "түрктү берүүчү гранттар" беренесинин кыскарып жатканына каршылыгын билдирди.

Эл өкүлү аталган чечим бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына терс таасирин тийгизерин белгилеп: "Аймактардагы жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө экенине ынануу менен экинчи жыл дагы Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бирок силер түрткү берүүчү гранттарды алып салган жатасыңар. Аймактарды өнүктүрөлү десек мындай кадамга барбашыбыз керек" ,- деди.

Муну менен катар бюджеттеги кыскартууга карабай бардык социалдык кепилдиктерди аткаруу зарылчылыгына токтолгон Жыргалбек Турускулов Өкмөттү мугалимдер менен дарыгерлердин айлык маянасын убагында төлөөгө чакырды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы